Базар-Коргондун Катар-Жаңгак айылында 225 орундуу мектеп курулду

Аймак 1 октябрь 2026 17:10
828941899_1605839307681779_5011060310683180127_n (1).jpg
831574994_1605839334348443_3974810854760364744_n.jpg
831280678_1605839374348439_6507201068347893474_n.jpg
Алдыга
Артка
828941899_1605839307681779_5011060310683180127_n (1).jpg
831574994_1605839334348443_3974810854760364744_n.jpg
831280678_1605839374348439_6507201068347893474_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Катар-Жаңгак айылында жайгашкан №32 Ж.Канашев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, имаратта эки кабаттуу окуу корпусу жана спорттук зал жайгашкан. Мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, эки нөөмөттө 450 окуучуга билим берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаңы имаратта заманбап окуу класстары, спорт залы, сахна жана башка кошумча бөлмөлөр каралган. Имараттын жалпы аянты 2201 чарчы метрди түзөт.

Объектинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Учурда мектепти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери аткарылууда.