Баткендин Достук айылынын эли кайсы аймакка көчүрүлөрү белгилүү болду

Аймак 2753 06 Март 2025 12:55
481056325_1180217326805054_1636403479905690894_n.jpg
481078574_1180217033471750_6254671244405783154_n.jpg
481505519_1180217406805046_3155233004973133767_n.jpg
481663401_1180217463471707_1582079559770645996_n.jpg
481713025_1180217096805077_5479624601174565949_n.jpg
481902123_1180217160138404_5842132569091953047_n.jpg
481939537_1180217270138393_1110872661504645955_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Баткен районунун Достук айылынын эли менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда айыл элин кайсы жерге көчүрүү маселеси каралды.

Жыйынтыгында айыл элинин макулдугу менен баары Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерине көчүрүү чечими кабыл алынды. Аталган аймак Баткен шаарынын аймагы менен чектешет.

Натыйжада ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет тарабынан бардык шарты менен турак үй курулуп берилет. Жалпы 71 үй курулат.

Мындан сырткары, мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине беш сотыхтан турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилет.

Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 9 гектар жер бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өткөн. Ага ылайык айыл эли башка аймакка көчүрүлүүдө.