Баткен продукциясы Чолпон-Атадагы жарманкеде сунушталды

Аймак Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 16:10
765997588_1588192416007541_5681428506818362250_n (1).jpg
764976135_2061688508055001_7802023864070195252_n.jpg
765069667_1588191822674267_4383461857287243300_n.jpg
763756574_1588191969340919_3383439011546627874_n.jpg
764056661_1588192239340892_4002001476786709276_n.jpg
765997588_1588192416007541_5681428506818362250_n.jpg
762974790_1588192689340847_8354066075318631096_n.jpg
769032918_1588192132674236_69689103296515198_n.jpg
769033511_1588192646007518_5510737375475302648_n.jpg
766194654_1588192566007526_771766038130628332_n.jpg
765997592_1588192232674226_8944729612278778226_n.jpg
767101601_1588192406007542_1491247488268234491_n.jpg
766241356_1588192059340910_5889752606914848139_n.jpg
762950122_1588191796007603_8619708932078514979_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. 5–7-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан VIII Кыргызстан–Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргызстан–Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында уюштурулган эл аралык көргөзмө-жарманкеге Баткен облусунан атайын делегация катышууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Мамыржан Рахимов баштаган делегациянын курамында облус аймагындагы өндүрүш ишканалары өз продукцияларын көргөзмөгө сунуштады.

Көргөзмө-жарманкеде Баткен облусунун продукциялары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук таанышты.

Көргөзмөгө Баткен облусунан төмөнкү ишканалар катышууда:
• Кадамжай районундагы "Ак-Турпак Групп" ЖЧКсы;
• Кадамжай районундагы "ALPELDEN" ЖЧКсы;
• Кадамжай районундагы "Айдаркен сымап комбинаты" ААК;
• Баткен районундагы "Batken Natural KG" ЖЧКсы.

Көргөзмө-жарманкенин негизги максаты – жергиликтүү өндүрүлгөн продукцияларды кеңири таанытуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаңы өнөктөштөрдү тартуу жана Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө катышууда.