Бишкек, 29.01.25. / Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов БУУнун Аялдар түзүмүнүн жаңы дайындалган жетекчиси Садик Сайед жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун өкүлдөрү менен жолукту.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууда облус башчысы аталган уюмдар менен коомдо жана экономикада аялдардын ролун жогорулатуу, айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана гендердик теңчилик багытында кызматташуулар уланаарына ишеничин билдирди.
Тараптар аймакта социалдык туруктуулукту камсыз кылуу багытында бир канча маселелерди талкуулашты.