Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Кечээ, 2-февралдан тарта Баткен облусунун аймагындагы ири базарларды жана негизги көчөлөрдү иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу иштери башталды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштер облус башчысы Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык аткарылууда. Иштин максаты жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо, ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат.
Белгиленгендей, Кадамжай районунун тийиштүү мамлекеттик органдарынан түзүлгөн комиссия күн мурун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базары жана анын айланасындагы соода түйүндөрүнө рейддик текшерүү иштерин жүргүзүп, тартип, тазалык боюнча акыркы эскертүүлөрдү берди.
Базардын айланасындагы жеке ишкерлер, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарларга товарларын жайып, адамдардын өтүүсүнө ыңгайсыздыктар жаралган. Ал эле эмес тротуарлар тамак-аш бышырып сатуучу жайга айланган. Бул көрүнүштү эки күндүн ичинде жөнгө салуу тапшырылды.
Базар Ош - Баткен - Раззаков жолунун боюнда жайгашкандыктан, жол четине токтогон унаалар жол коопсуздук көйгөйүн жаратат. Базарда 10 гектар аянтта атайын унаа токтотуучу жай каралганы менен, айдоочулар жол четине башаламан токтоп, тартипке баш ийбей келишет. Ички иштер органдарынын жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындан ары көзөмөл күчөтүлөрүн айтып, башаламан токтогон унаа ээлерине айып салынарын айтышты.
Комиссия базардагы соодагерлерге жана жеке ишкерлерге тартипти сактоо, өрт коопсуздугун камсыз кылуу, санитардык нормаларга ылайык иш алып баруу, мыйзамсыз курулуштарды бузуп алууну эскертти.
4 гектар аянтты ээлеген базарда эт, мөмө жемиш, сүт жана нан азыктарын, кийим кече ж б товарларды сатууга өзүнчө жай каралган.