Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Баткен облусунда жазгы талаа иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлү Айбек Шаменов жергиликтүү жетекчилер менен өткөргөн жыйында белгилүү болду.
Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүн, 26-мартта жыйын өтүп анда аймактардагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берилди. Жыйындын жүрүшүндө жер айдоо, үрөн себүү, бак дарактарды сугаруу иштерин үзгүлтүккө учуратпоо, күйүүчү май, жер семирткич менен дыйкандарды камсыздоо, канал жана сугат арыктарын тазалоону тездетип бүткөрүү, тике суу кудуктарын көзөмөлдөн өткөрүү тапшырмасы коюлду.
Белгилүү болгондой, буга чейин облус башчысынын жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү жөнүндө буйругу чыгып, ага ылайык, күздүк кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу иштери 93,8%га аткарылып, 6352 гектарга жер семирткичтер берилди. Ал эми жер айдоо иштери 19300гектарда же 44,6%га аткарылганы айтылды.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан базар баасынан арзан баада 215 миң литр күйүүчү-майлоочу майларды алуу боюнча иш аракеттер көрүлүп, ушул тапта 20700 литр күйүүчү май дыйкандарга жеткирилип берилди.
Облус аймагында бүгүнкү күндө жаздык кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн себүү иштери кызуу жүрүп, натыйжада 5000 гектар буудай, 6700 гектарга арпа себилди.
Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүнүн керектөөсү 3 миң 609 тоннаны түзүп, учурда үрөн менен камсыздоо 94,8%ды түзөт. Бүгүнкү күндө үрөн чарбаларда “Вакула 6” сортундагы жаздык арпа, “Пионер”, “Манас” сортундагы жүгөрү үрөндөрү да таркатылып бүттү.
Мындан тышкары облус аймагына жалпы 15 миң 837 тонна минералдык жер семирткичтер керектелип, учурда 3300 тонна азот, 4791 тонна фосфор, 118 тонна калий же жалпы 4211 тонна жер семирткич Кызыл-Кыя шаарында КАПУнун кампасында сатылууда. Ошондой эле 5943 кг пестициддер район, шаарлардын аймагындагы агровет аптекаларда сатылууда.