Баткен облусунда 8 жаңы мектеп жана бала бакча ачылды

Аймак 15 сентябрь 2026 11:00
811792500_1971167996878545_1306683778394738056_n.jpg
810813795_3145934238928620_2295129160905631242_n.jpg
811203119_1621958395964276_8512909647748660498_n.jpg
810421138_1621958509297598_7672610673460471475_n.jpg
810383990_1621958179297631_1660204896721454448_n.jpg
Алдыга
Артка
811792500_1971167996878545_1306683778394738056_n.jpg
810813795_3145934238928620_2295129160905631242_n.jpg
811203119_1621958395964276_8512909647748660498_n.jpg
810421138_1621958509297598_7672610673460471475_n.jpg
810383990_1621958179297631_1660204896721454448_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунун бардык билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылынын башталышына жана Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Өкуүлчүлүктөн билдиришкендей, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында жаңыдан пайдаланууга берилген 500 орундуу Жаңы-Жер жалпы билим берүү мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышты.

Облус башчысы мугалимдер жамаатын жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, өлкөдө балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү жана мугалимдердин эмгегин баалоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле бул багыттагы иштер мындан ары да улантыларын айтып, жаңы мектептин жамаатына белектерин тапшырды жана бир катар мугалимдерди сыйлады.

Белгилей кетсек, быйылкы жаңы окуу жылында Баткен облусунда 15 миң 300 бала биринчи класска кабыл алынды.

Учурда облуста 236 мамлекеттик жана 22 жеке менчик билим берүү мекемесинде жалпы 131 миң 543 окуучу билим алууда. Аларга 8 миң 471 мугалим билим берүүдө.

Билим күнүн утурлай облуста 8 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.

Алар:

  • Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектеп;
  • Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Айырбаз айылындагы "Кыргызстандын 10 жылдыгы" атындагы 500 орундуу мектеп;
  • Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы 225 орундуу мектеп;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы «Бала Нур» балдар бакчасынын кошумча имараты;
  • Лейлек районунун Тайлан участкасындагы "Ак-Шоола" мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
  • Лейлек районунун Ак-Арык айылындагы 120 орундуу "Бүчүр" балдар бакчасы;
  • Кадамжай шаарындагы "Ыйман»" балдар бакчасы;
  • Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы "Үч-Дөбө" балдар бакчасы.