Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Күн мурун Баткен облустук бириккен ооруканасынын жана үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Жолугушуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулуп, ага президенттин өкүлү Айбек Шаменов, саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун директору А.Борубековдун жана башка кызмат адамдары катышты.
Облус башчысы Шаменов Баткен шаарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн пландары тууралуу маалымат берип, саламаттык сактоо системасына өзгөчө көңүл бурду. Жолугушуунун жүрүшүндө медицина тармагындагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, андан соң А.Шаменов облустук оорукананын аймагын көрүп чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Андан соң кеңешменин катышуучуларына өлкө жетекчилиги тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу милдети коюлгандыгы тууралуу маалыматтар айтылды. Буга байланыштуу коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде медициналык мекемелердин жетекчилерине жана кызматкерлерине мыйзамдарды бузууга жол бербөө жөнүндө катуу эскертүү берилди.
Жолугушуунун соңунда Шаменов медицина кызматкерлерин функционалдык милдеттерин ак ниет аткарууга жана калкка тийиштүү деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүгө чакырды, ал эми жетекчилерге туруктуу негизде коррупциялык укук бузуулардын алдын алууну камсыздоо тапшырылды.