Башкы прокуратура 23,9 млн сомдук негизсиз чыгымдын алдын алды

Коом 9 сентябрь 2026 17:20
Башкы прокуратура 23,9 млн сомдук негизсиз чыгымдын алдын алды
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында күн электр станциясын куруу үчүн берилген 800 гектар айыл чарба жерине байланыштуу мыйзам бузуу аныкталды.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, текшерүүдө айыл чарба жерлерин башка категорияга которууда өндүрүштүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну эсептөөдө формуланын коэффициенти негизсиз колдонулганы белгилүү болгон. Натыйжада "Ч" ЖЧКсына 47 млн 300 миң сомдон ашык сумма эсептелген.

Прокурордук чара көрүүнүн негизинде эсептөөлөр кайра каралып, мыйзам бузуулар жоюлду. Муну менен ишкерге 23 млн 900 миң сомдон ашык негизсиз финансылык жүк жүктөлүшүнүн алдын алуу камсыздалды. Мыйзам бузууга жол берген жергиликтүү каттоо органынын кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда негизсиз тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди улантууда.