“Барс” менен “Дордой” өлкөнүн Суперкубогу үчүн күч сынашат

Спорт 18 август 2026 10:30
“Барс” менен “Дордой” өлкөнүн Суперкубогу үчүн күч сынашат

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Эртең, 19-августта Бишкек шаарындагы "Алга" спорт комплексинде 2026-жылкы Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Суперкубок үчүн учурдагы өлкө чемпиону — Каракол шаарынан "Барс" футболдук клубу жана 2025-жылкы Кыргызстандын Кубогунун ээси — Бишкектин "Дордой" клубу күч сынашат. Беттеш саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. "Дордой" клубу бул олжону 6 жолу жеңип алган.