Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Балыкчыда өтүп жаткан "Борбор-2026" биргелешкен тактикалык машыгуусунун катышуучулары райондорду бөгөттөө жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча практикалык иш-аракеттерди аткарууга киришти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, практикалык этапка чейин аскер контингенттерин машыгуу өткөрүлүүчү районго кайра топтоо, бириккен батальондук-тактикалык топту түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу иштери жүргүзүлгөн.
Машыгууга курал-жарак жана аскердик техника, учкучсуз авиациялык системалар жана FPV-дрондор, артиллериялык бөлүктөр, ошондой эле армиялык авиация тартылды.
"Борбор-2026" машыгуусунун жүрүшүндө аскер кызматчылары биргелешкен аракеттерди координациялоо жана коюлган милдеттерди аткаруу боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүдө.