Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Балыкчы шаарынын жана Түп районунун архитектура башкармалыктарынын имараттары жаңыланат.
Мамкурулуштан билдиришкендей, агенттиктин директорунун орун басары Бакай Турдугулов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Шаар куруу жана архитектура департаментинин регионалдык башкармалыктарынын ишмердүүлүгүн текшерди.
Турдугулов Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жана Түп районундагы Архитектура башкармалыктарынын кызматкерлерине жеткиликтүү кызмат орундарын түзүү максатында, эскилиги жеткен имараттарын жаңыртуу демилгесин баса белгиледи.
"Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат",- деп айтылат маалыматта.