Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулуш акыркы баскычта – видео

Аймак 21 сентябрь 2026 19:00
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулушу акыркы баскычка жетти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жалпы узундугу 141 чакырымды түзгөн жолдун асфальт төшөө иштери 95 пайызга аткарылды.

Жолдун курулушу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен бюджеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу баскычта. Жакында эле аталган жолдо чет өлкөлүк жана ата мекендик мото сүйүүчүлөрдүн катышуусунда мотожүрүш өттү.