Бала бакчалар үчүн 300 инновациялык материал иштелип чыгат

Коом 17 сентябрь 2026 17:40
813623871_2350242095749978_6650604398434006528_n.jpg
813861070_1527454379186317_8626543198795964150_n.jpg
Алдыга
Артка
813623871_2350242095749978_6650604398434006528_n.jpg
813861070_1527454379186317_8626543198795964150_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Агартуу министрлигинде мектепке чейинки билим берүү материалдарына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары тааныштырылды.

Министрликтен билдиришкендей, талдоо SMART-ED ISDB/ISFD/GPE долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Ислам өнүктүрүү банкынын, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2025–2029-жылдары ишке ашырылууда.

Талдоонун жүрүшүндө колдонуудагы материалдар бирдиктүү реестрге топтолуп, алардын күчтүү жактары жана жетишпестиктери аныкталды.

Жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн компетенттүүлүккө багытталган 300 инновациялык материалды иштеп чыгуу боюнча сунуштар даярдалды.

"Жаңы материалдар кагаз түрүндө гана эмес, санариптик, аудио жана видео форматтарда да даярдалышы керек. Алар ата-энелерге жана педагогдорго балдардын практикалык көндүмдөрүн эрте курактан өнүктүрүүгө жардам берет", — деди Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова.