Бала бакчадан жогорку окуу жайларга чейин кыргыз тилин өнүктүрүү аракеттери

Интервью Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Мамлекеттик тилибиз болгон кыргыз тилин билим берүү тармагында өнүктүрүүгө багытталган негизги иш-аракеттер тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов менен маектешти.

- Алгач эле суроомду кыргыз тилин окутуудан баштасам, мектептерде кыргыз тил предмети кандай бөлүштүрүлүп окутулат?

- Базистик окуу планына ылайык мектептерде кыргыз тилине сааттар жетиштүү эле бөлүнгөн. Окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили жана адабият жумасына 3-4 сааттан, ал эми кыргыз мектептерде жумасына 6, 7 сааттан окутулат. Бирок, мектепте мугалимдер балдарды канчалык окутса да, үйдөн ата-эне кыргыз тилинде сүйлөшпөсө, кошумча жардам бербесе мектептеги кыргыз тил сабагы менен эле бала кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде биле албайт. Алдыда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында мамлекеттик билим берүү стандарты жана ага ылайык ар бир предмет боюнча стандарттар даярдалып, сааттар кайра бөлүштүрүлүп жатат. Мында 1-класстан 6-класска чейин башталгыч, 7-8-9-класстар ортоңку, ал эми 10-11-12-класстар жогорку класс болмокчу.

- Мектептерде кыргыз тилинен класстан класска көчүрүү экзамендери киргизилүүдө, ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- 2023-жылы кабыл алынган “КР мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 17-беренесинде көрсөтүлгөндөй, жалпы билим берүү уюмдарында кыргыз тилинен класстан класска көчүрүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилүүдө. 2024-2025-окуу жылынын аягында республиканын бардык мектептеринин 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары жазуу жана оозеки жүзүндө класстан класска көчүрүү экзамендерин тапшырышат. Көчүрүү экзамени лексика-грамматика, окуп-түшүнүү, жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлөт.

Көчүрүү экзаменинен канааттандырарлык эмес баа алган же көчүрүү экзамендерин тапшырбаган, ден соолугуна жана жүйөлүү себептерге байланыштуу көчүрүү экзаменине катышпай калган окуучуларга кийинки окуу жылынын башында кайталап көчүрүү экзаменин тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Эгер анда да экзамен тапшыра албай калса окуучу кийинки класска көчпөй калат.

Кыргыз тили боюнча жылдык баасы эң жакшы болгон окуучулар, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү көчүрүү экзамендерин тапшыруудан бошотулат.

- Мамлекеттик тил комиссиясы ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодо, негизи министрлик бул багытта кандай иштерди жүргүзүүдө?

- Чынында жогорку окуу жайларда дээрлик көпчүлүк адистиктер расмий тилде окутулат. Өткөн жылдын ноябрь айында Мамлекеттик тил комиссиясы, Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордун жетекчилери менен биргеликте форум өтүп, бул багытта талкуу болду. Анын жыйынтыгында этап-этабы менен окутууну мамлекеттик тилге өткөрүү сүйлөшүлгөн. Биринчи этапта гуманитардык багыттагы жалпы сабактарды, курстарды, экинчи этапта кесиптик сабактарды мамлекеттик тилге өткөрүү пландалган. Биринчи этаптагы иштерди аткарууга бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Айрым ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлөт, эми бардык окуу жайларды камтуу зарылдыгы турат. Экинчи этапта кыргыз тилиндеги окуу материалдарын даярдоо, зарыл болгон китептерди башка тилдерден кыргыз тилине сапаттуу которуу боюнча алдыда чоң иштер аткарылышы керек.

- 2023-2024-окуу жылында бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) негизинде милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден тест тапшырышты. Жыйынтыктары менен бөлүшө кетсеңиз?

- 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен ЖОЖго кабыл алууда ЖРТга милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден тест тапшырууну киргизгенбиз. Кыргыз тилден тест тапшырбаган бүтүрүүчүгө негизги жана кошумча предметтик тесттердин жыйынтыгы, сертификаты берилбейт деген талап коюлган. Өткөн жана быйылкы окуу жылында тапшырылуучу тестти абитуриенттердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында киргиздик. Өткөн окуу жылдын аягында жалпы 50 миң 564 абитуриент мамлекеттик тилден тест тапшырган. Алардын 14 миң 862си мамлекеттик тилди жогорку, ал эми 24 миң 373 ортодон жогору, 10 миң 204 бүтүрүүчү орто, 1 миң 125 ортодон төмөн деңгээлде билери аныкталган.

Азырынча мамлекеттик тилден тесттин жыйынтыгы жогорку окуу жайга тапшырууда таасир этпейт, кийинки жылдардан тартып тесттин жыйынтыгы ЖОЖго өтүүдө таасир бере тургандай болуп, босого балл коюлат. Бул кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билбегендер ЖОЖго окууга тапшыра албай дегенди түшүндүрөт.

Диплом алгандан кийин да Кыргызтесттин жыйынтыгы жок мамлекеттик, муниципалдык кызматка кабыл алынбайт деген өзгөртүүлөр, толуктоолор токтомдорго, мыйзамдарга киргизилүүдө. Ошондуктан жогорку билим алып, мамлекеттик же башка кызматтарда иштейм деген жаран мамлекеттик тилди билүүсү зарыл.

Маалымат үчүн: “Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин окутуу тилдери боюнча: өзбек тилдүү 4 мектеп, тажик тилдүү 1 мектеп, орус тилдүү 124 мектеп, аралаш тилдүү 694 мектеп, толук кыргыз тилдүү 1321”.