Бакыт Төрөбаев Нарында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

Аймак Загрузка... 19 Март 2025 11:56
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапары менен Нарын облусуна барды.

Ведомстводон аалымдашкандай, ал жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал райондорунун III Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. 

Жолугушууда дыйкан-фермерлер тарабынан көтөрүлгөн калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, БДР-БСРди куруу, каналдарды калыбына келтирүү, кайра иштетүү тармагына басым жасоо, жайыт, сүт маселеси, соода-логистикалык борборлорду ишке берүү, ошондой эле жеңилдетилген насыялар жана ветеринарияга тиешелүү маселелер талкууланып, көйгөйлөрдү жеринен чечүүгө көңүл бурулат.  

Мындан сырткары, экспорт, айыл чарба багытында тармактык илим-билим, тажрыйба алмашууну өркүндөтүүгө маани берилет. 

Жыйынга облус жетекчилери, министрликтин жооптуу кызмат адамдары, акимдер, элет тургундары жана курултайдын катышуучулары катышты.