Бакыт Төрөбаев Курулуш министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган жетекчини тааныштырды

Министрлер кабинети 2018 17 Февраль 2025 10:30
67b2b83d156c6 (1).jpeg
67b2b85d2195f.jpeg
67b2b85bc57fe.jpeg
67b2b86abe0ac.jpeg
Алдыга
Артка
67b2b83d156c6 (1).jpeg
67b2b85d2195f.jpeg
67b2b85bc57fe.jpeg
67b2b86abe0ac.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Нурдан Орунтаевди тааныштырды.

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы дайындалган министр Нурдан Орунтаевге жана анын командасына курулуш тармагын өнүктүрүү, турак жай курулушунун сапатын жогорулатуу жана өлкөдөгү коммуналдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 11-февралында Кыргызстандын президенти Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.