Бакай-Ата районунда спорт комплекси пайдаланууга берилди

Аймак 472 25 Май 2026 18:40
hd-1779702462913.jpeg
hd-1779702463931.jpeg
Алдыга
Артка
hd-1779702462913.jpeg
hd-1779702463931.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Бүгүн Бакай-Ата районуна караштуу 1-Май айылында Темирбек уулу Субанбек атындагы спорт комплексинин ачылыш аземи өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага эл өкүлү Медер Чотонов катышып, кубанычтуу саамалык менен айыл элин куттуктап, жаштарды спортко үндөө, сергек жашоо образын жайылтуу жана аймактардагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. 

Ошондой эле аталган спорт комплексинде машыгуу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөнүн эске салып, келечекте өлкө желегин желбиреткен мыкты спортчулар өсүп чыгышына тилектештигин билдирди.