Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Атаандаштыкты бузуп, картелдик келишип алуу менен бааларды жасалма жол менен көтөргөн компаниялар жоопко тартылат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев “Кабар” агенттигине маек куруп жатып билдирди.
“Атаандаштык тууралуу” мыйзамдын талаптарын бузуу менен бир же бир нече соода, өндүрүштүк компаниялар өз ара келишип алып, рынокко көзөмөл орноткон көрүнүштөр бар экенин айткан Жээналы Орозбаев, алардын айрымдары сот жообуна тартылганын мисал келтирди.
Анын айтымында, айрыкча өлкөнүн рыногунда бир канча жылдан бери иштеп келе жаткан ири компаниялар жең ичинен өз ара келишип алып, ашкере бааларды таңуулаган учурларды иликтөө иштери жүрүүдө.
Мониторингдин жыйынтыктары чыкса, мына ошондой мыйзамсыз жол менен ашкере пайда табууну көздөгөн аракеттерди ооздуктоо боюнча иштер баштала турганы белгиленди.