БА өлкөлөрүнүн Кесиптик бирликтер кеңеши. Быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда

Коом Загрузка... 09 Апрель 2025 17:17
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында алгачкы ирет Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кесиптик бирликтер кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул жылы ага Кыргызстан төрагалык кылып жатат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана Эмгек боюнча эл аралык уюмдун (ЭЭУ) өкүлдөрү, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголия сыяктуу өлкөлөрдүн профсоюз борборлорунун лидерлери катышууда.

Кеңешме эмгекчилердин укуктарын коргоо, регионалдык кызматташууну кеңейтүү жана профсоюздар арасындагы тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.