Бишкек, 24.09.26 /Кабар/. Жер маселелерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө административдик органдар менен соттордун өз ара кызматташуусу маанилүү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын административдик сотунун төрагасы Азиз Эшалиев билдирди.
Анын айтымында, жер мамилелерине байланышкан бир катар көйгөйлөрдү чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө.
“Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара абдан актуалдуу жана өз убагында өтүп жатат. Президент жыл башынан бери эл менен жолугушуп, аймактарды кыдыруу учурунда жер маселесине байланышкан көйгөйлөр да көтөрүлүп келет. Ушул маселелерди чечүү максатында бүгүнкү иш-чара өткөрүлүүдө”, — деди ал.
Эшалиевдин белгилешинче, жерди бөлүштүрүү жана бөлүп берүү, алып коюу, жерге болгон укукту кыскартуу же токтотуу сыяктуу маселелерде мыйзамдардагы айрым кемчиликтерди жоюу зарыл.
“Негизги көйгөйлөрдүн бири — жерди бөлүп берүү маселеси. Мындан тышкары, жерлерди мыйзамдаштыруу, жерге байланыштуу мунапыстын алкагындагы маселелер жана жерге болгон укукту токтотуу боюнча көйгөйлөр бар”, — деди сот төрагасы.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Жогорку сот тарабынан уюштурулган жер маселелери боюнча административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда келип чыккан көйгөйлөр боюнча тегерек стол өттү.