Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2 долбоорду каржылоону жактырды

Экономика Загрузка... 31 Январь 2025 21:39
photo_5253642204952520961_y.jpg
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Баку шаарында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 4-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жыйынга экономика министринин орун басары Санжар Болотов кыргыз тараптан фонддун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары катары катышты.

Ошондой эле жыйында Кыргызстан жана Азербайжандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү болду.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгып, бардык багыттар боюнча кеңейип жатканы, ошондой эле эки мамлекеттин башчылары тарабынан коюлган жогорку максаттар жана милдеттер бул кызматташтыктын маанилүү аспекти экени баса белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында фонддун инвестициялык саясаты жана анын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча башка документтер бекитилди. Ошондой эле эки долбоорду каржылоо жактырылды:

- 9 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтин курулушу;
- 300 жумушчу орду менен заманбап тигүү фабрикасынын курулушу.

Мындан тышкары, көп функционалдуу борбордун курулушун каржылоо концепциясы бекитилди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча фонддун артыкчылыктуу багыттарына ылайык келчү келечектүү долбоорлордун портфелин түзүү боюнча активдүү ишти улантуу боюнча тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 100 млн АКШ долларын түзөт.