Автобуста кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды

Коом Загрузка... 03 Февраль 2025
5838278169805830143.jpg
copyright icon Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Автобуста жаш кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды.

Бишкек ШИИББнен билдиришкендей, күн мурун социалдык тармактарда, коомдук транспортто бараткан жаш кызга карата, белгисиз эркек адам орунсуз аракеттерди жасаган видео тараган. Бул факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат каттоо журналына дароо катталган.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1989-жылы туулган К.А., аттуу шектүү жаран аныкталып, кармалган. Кармалган учурда, К.А., мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, каршылык көрсөтүп, кызматкерлерди сөгүп, коомдук тартипти бузган.  Мындан улам, шектүү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде административдик  камерасына киргизилген.

Белгилей кетсек, коомдук транспортто болгон окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шектүүгө  карата кошумча юридикалык баа берилет.