Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. 2026-жылдын жай айлары дүйнөдө аба ырайынын рекорддук ысышы менен коштолуп, августта бир нече температуралык рекорд жаңыланды. Бул тууралуу BBCге таянуу менен Казинформ жазды.
Августта глобалдык температура 1850-1900-жылдардагы индустрияга чейинки деңгээлден 1,5 градуска жогорулады. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ноябрынан бери биринчи жолу катталды.
Окумуштуулардын айтымында, аба менен катар океандын температурасы да жогорулап жатат. Дүйнөлүк океан Жердин бетинин 70 пайыздан ашыгын ээлеп, акыркы он жылдыктарда глобалдык жылуулуктан пайда болгон ашыкча жылуулуктун 90 пайызын сиңирген.
Европанын Орто мөөнөттүү аба ырайын болжолдоо борборунун (ECMWF) айлык отчетунда августта полярдык аймактардан тышкаркы океан бетинин орточо температурасы август айы үчүн гана эмес, бардык айлар боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жеткени айтылат. Ал 2024-жылдын мартында катталган абсолюттук рекордду кайталаган.
ECMWF жетекчилеринин бири Саманта Берджесс августту климаттык байкоолордун тарыхындагы өзгөчө ай деп атады.
“Август 2026-жылдагы эң ысык август гана болбостон, байкоолордун тарыхындагы эң ысык ай болуп калды. Дүйнөлүк океандын бетиндеги рекорддук температура жана Батыш Европадагы тарыхтагы эң ысык жай менен бирге бул көрсөткүчтөр климаттын өзгөрүшү атмосферада да, океанда да экстремалдуу көрүнүштөрдү күчөтүп жатканын көрсөтүп турат”, — деди ал.
Өзгөчө Батыш Европа ысык аба ырайынан жабыркады. Май айынан бери аймакта кеминде беш ири аптаптуу толкун катталган. Франция, Улуу Британия жана Германиянын көпчүлүк аймактарында бир нече ай бою жаан-чачын аз болуп, айрым дарыялар соолуп, өсүмдүктөр куураган.
Ошол эле учурда Португалия, Греция, Түркия, Кипр, Европанын түндүк-чыгышы жана Россиянын батышында жай мезгили адаттагыдан жаанчыл болгон.
ECMWF маалыматына ылайык, Батыш Европада 2026-жылдын жайы байкоолордун тарыхындагы эң ысык жай болуп, мындан 20 жылдан ашык убакыт мурда катталган рекорддон ашып түштү.
Мындан тышкары, Тынч океанда калыптанып жаткан Эль-Ниньо кубулушу күчөп жатканы белгиленди. Окумуштуулар анын мындан ары да күчөп, байкоолордун тарыхындагы эң кубаттуу көрүнүштөрдүн бирине айланышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.