Аткаминерлердин атын жамынып, Whatsapp аркылуу элди алдап акча тапкан жаран кармалды

Укук тартиби 1723 21 Февраль 2025 11:25
WhatsApp Image 2025-02-21 at 07.46.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-21 at 07.46.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-21 at 07.46.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-21 at 07.46.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-21 at 07.46.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-21 at 07.46.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Аткаминерлердин атын жамынып, Whatsapp аркылуу элди алдап акча тапкан жаран кармалды.

ИИМден маалымдашкандай, 12-февралда милиция кызматкерлери тарабынан Whatsapp мессенджери аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан жарандарга смс билдирүү жөнөтүп, акча каражаттарын алып жүргөн жаран аныкталган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери смс билдирүү жөнөтүлгөн абоненттик номерлерди жана мобилдик телефондорду такташкан.

Анын жыйынтыгында мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар 19 жаштагы Э.Э. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда банктык карталар – 8 даана, уюлдук операторлордун сим карталары – 176 даана, чет өлкөлөрдүн сим карталары – 6 даана, микро сим карталар – 12 даана, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.