Астанада спорт менен санариптик технологияларды айкалыштырган саммит өттү

Спорт 29 Июль 2026 16:55
758915184_1058839403155943_5260888020119612835_n.jpg
759253902_2389686011439339_7316841546642216826_n.jpg
Алдыга
Артка
758915184_1058839403155943_5260888020119612835_n.jpg
759253902_2389686011439339_7316841546642216826_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Бүгүн Казакстандын Астана шаарында “Келечек оюндары-2026” эл аралык мультиспорттук мелдештеринин алкагында “Фиджитал спортунун келечегин калыптандыруу: калк, саясат жана глобалдык лидерлик” темасында фиджитал спорту боюнча жайкы саммит өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чарага агенттиктин директору Урмат Асанбаев жана чет өлкөлөрдүн спорт тармагындагы министрлери, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана эл аралык спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Саммиттин ачылыш аземинде Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов, Россиянын спорт министри Михаил Дегтярёв, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын спорт министри Ахмед Бельхул Аль-Фаляси сөз сүйлөштү.

Алар фиджитал спортун келечектин инновациялык багыты катары өнүктүрүү, аны жайылтуу жана эл аралык деңгээлде таанытуу боюнча өз өлкөлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.

Аталган саммит спорттун өнүгүү келечегин талкуулоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана спорт менен санариптик технологиялар тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп эсептелинет.