Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бишкектеги «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан өспүрүм кармалды.
Бишкек шаарынын ички иштеринин башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 25-январда ИИМдин 102 байланыш номерине «Азия Молл» соода борборунда бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.
Соода борборун текшерүү учурунда эч кандай жардыргыч зат табылган эмес.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Террордук акт тууралуу атайылап жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган М.А аттуу жаран кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.