Ашыкча жүк менен асфальт жолго чыккандар айыпка жыгылат - Транспорт министрлиги

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 12:04
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Ашыкча жүк менен асфальт жолго чыккандар айыпка жыгылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз улантууда.

Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, жеке жактарга 17500 сом, юридикалык жактарга 55000 сом айып пул салынарын эскертет.

Белгилей кетсек, транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүүдө.