Ашуулардагы абал: күн ачык, кыймыл туруктуу

Аймак Загрузка... 11 Декабрь 2025 09:25
Снимок экрана 2025-12-11 095239.png
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында күн ачык, кыймыл туруктуу. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда, Боом капчыгайында жана Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит ашууларында күн ачык, каттам бар.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 62-65-чакырымына катуу жааган кардан улам кар көчкү жүрүп, каттам жабылды. Учурда №3 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Азыркы учурда Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болууда.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 441–537-чакырымына убактылуу чектөө киргизилген. Мындай чектөө Түз-Бел ашуусундагы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана белгиленген аймакта бороон болгонуна байланыштуу.

Жол тейлөө кызматтары жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер күнү-түнү тынымсыз жүргүзүлүүдө.