Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Талас шаарындагы KVS айыл чарба кооперативине барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, аталган кооператив үрөнчүлүк жана айыл чарба продукцияларын экспорттоо багытындагы алдыңкы ата мекендик ишканалардын бири болуп саналат. Ишкана ички жана тышкы рыноктор үчүн жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүүгө адистешкен. Учурда кооператив ашкабактын үрөнүн Японияга экспорттоп, эл аралык кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүдө.
Иш сапардын жүрүшүндө Рустам Балтабаев кооперативдин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Өзгөчө көңүл ашкабактын үрөнү алынгандан кийин калган жумшак бөлүгүн кайра иштетүүгө бурулду. Ишканада бул чийки заттан шорпо жана порошок түрүндөгү продукциялар өндүрүлүп, кошумча нарк түзүүгө жана айыл чарба чийки затын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлүүдө. Даяр продукция Бишкек шаарындагы "Бир айыл – бир продукт" адистештирилген дүкөнү аркылуу сатылат.
Жолугушуунун жүрүшүндө кайра иштетүү өндүрүшүн өнүктүрүү, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү жана жаңы экспорттук рынокторго чыгуу үчүн инвесторлорду жана технологиялык өнөктөштөрдү тартуу маселелери талкууланды.