Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Шаар куруу департаментинде архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер жана башка адистер жетишсиз болууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттиги билдирди.
Ал белгилегендей, республиканын аймагындагы бардык райондордо Шаар куруу департаментинин архитектура органдары жайгашкан. Аларда бош жумуш орундары көп.

Орунтаевдин айтымында, кадрларды шыктандырууга жана адистердин тартыштыгын чечүү максатында айлык маянаны жеткиликтүү камсыздоо маселеси чечилген.
“Республиканын аймагындагы бардык райондордо биздин Шаар куруу департаментинин архитектура органдарынын өкүлдөрү иштейт. Бош орундар көп. Мисалга алсак, бүгүнкү күндө шаар куруу архитекторлору, конструктор, инженер жана башка адистер жетишсиз болууда. Ошол себептен, кадрларды кармап калуу максатында бүгүнкү күндө айлыктары жогорулатылган. Анткени көп кадрларыбыз өлкөдөгү жеке компанияларга ишке кетип калышууда. Ошондой эле бизге өндүрүштүк-жарандык курулуш адистиги бар куруучулар жетишпейт. Буга чейин кызматкерлерге бекитилген айлык берилип келген. Акыркы эки жылдын ичинде биз реформаларды жүргүзүп, кадрларды шыктандырууга жана адистерди тартууга өзүн-өзү камсыздоо механизмине өткөргөнбүз. Азыр бардык департаменттерибиз бул механизм менен иштеп жатат. Канчалык буюртмалар көп болсо, иш да, маяна да болуп турат. Учурда бардык райондордук архитектура органдарында бош орундар бар. Учурдан пайдаланып адистерди жумушка чакырып кетет элек. Алардын тийиштүү документтерин, сертификаттарын карап чыгабыз, сынактан өткөрөбүз. Сыноо мөөнөтү - 3 ай. Талаптарга жооп бергенден соң, жумушка алабыз”, - деди министр.

Орунтаев кошумчалагандай, министрликтин аймактардагы органдарында орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде айлык 500 миң сомго чейин жетет.