Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин 570 орундуу жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жаңы мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, заманбап талаптарга ылайык жабдылды. Имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорт залы каралган. Ошондой эле окуучулар үчүн тышкы спорт аянтчалары уюштурулуп, мектептин аймагы көрктөндүрүлдү.
Үч кабаттуу жаңы корпус эки нөөмөттө иштеп, 1000ден ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.
Аталган мектеп президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы курулушу башталган 20 мектептин бири болуп саналат.
Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши Арча-Бешик конушундагы окуучулар үчүн сапаттуу жана коопсуз билим алуу шарттарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.