Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин 570 орундуу жаңы корпусу ачылды.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, үч кабаттуу жаңы корпус эки нөөмөттө иштеп, 1000ден ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.
Мектепте окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорт залы каралган. Ошондой эле тышкы спорт аянтчалары уюштурулуп, мектептин аймагы көрктөндүрүлдү. Имаратта заманбап инженердик системалар колдонулуп, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу билим алуу шарттары түзүлгөн.
Белгилей кетсек, аталган мектеп президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы Бишкек шаарында курулушу башталган 20 жаңы мектептин бири. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.