Апрелде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун жер иштери башталат – Төрөбаев

Экономика Загрузка... 04 Февраль 2025 13:40
WhatsApp_Image_2025-02-04_at_12.41.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Апрель айында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун жер иштери башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

“Биз кечээ жыйында келе турган техникалардын тизмесин карап чыктык. Жакында 3,5 миңден ашуун техника алып келинет. Аларды иштетүү үчүн кошумча жумуш орундары түзүлөт. Азыр биз адистерди даярдап жатабыз”, - деди Төрөбаев.

Минкаб төрагасынын орун басары белгилегендей, Балыкчы – Кочкор тилкесинин учурда 38 чакырымы салынып бүттү. 2026-жылы Кочкор районуна чейинки иштер толугу менен аяктайт.