Аномалдуу ысыктан улам Европада 10 миңден ашык адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2026 09:15
image1170x530cropped.jpg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Июнь айынын аягында Европаны каптаган рекорддук аптаптуу ысык учурунда 10 миңден ашык ашыкча өлүм катталды. Бул тууралуу Казинформ Европалык Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынган EuroMOMO тармагынын изилдөөсүнө таянып жазды.

Маалыматка ылайык, изилдөө 27 европалык өлкөдөгү улуттук өлүм маалыматтарына негизделген. 22-28-июнь аралыгында, бир жумада Франция, Испания, Улуу Британия жана башка Европа өлкөлөрүндө ысык толкуну жогорку чекке жеткен. 65 жаштан ашкан адамдардын арасында 9 миңден ашык ашыкча өлүм катталган.

EuroMOMO айрым өлкөлөр боюнча ашыкча өлүм боюнча маалыматтарды жарыялабайт, бул ирет Франция менен Бельгияда июнь айынын акыркы жумасында "өтө жогорку" ашыкча өлүм катталганын кабарлады.

Бельгиянын коомдук саламаттыкты сактоо институтунун маалыматы боюнча өлкөдө 2000-жылы катталган ысыктан берки эң жогорку өлүм көрсөткүчү катталган. Башка бир изилдөөдө май жана июнь айларында Англия менен Уэльсте болгон ысыктан улам болжол менен 2700 адам ысыкка байланыштуу себептерден каза болгону аныкталган.