Аман Салиев БАЭ ТИМ башчысынын орун басарына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат Загрузка... 24 Январь 2025
IMG-20250124-WA0017.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Аман Салиев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министринин орун басары Омар Обейд Аль Шамсиге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, расмий жолугушуунун алкагында министрдин орун басары Омар Обейд Аль Шамси элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого чоң салым кошоруна ишенимин билдирди. Ал эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде элчи Аман Салиев жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.

Ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташтыкты тереңдетүү боюнча иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи.

Министрдин орун басары Омар Обейд Аль Шамси элчиге жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө үчүн тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, жогорку жана бийик деңгээлдеги пландалган визиттерди талкуулашты.