Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. "Алтын топтун" ээси жана Бразилия курамасы менен дүйнө чемпиону болгон белгилүү спортчу Роналдиньо 46 жашында футболго кайтып, Италиянын "Равенна" клубунун оюнчусу болду.
Спорттук басылмалардын маалыматына караганда, бразилиялык футболчу июнь айында клуб менен келишим түзүп, оюнчу болуу менен катар анын инвестору да болуп калды.
Футболчу 2015-жылдын сентябрынан бери профессионалдык оюндарга катышкан эмес, ал эми карьерасын расмий түрдө 2018-жылы аяктаган. Роналдиньо профессионалдык карьерасындагы 300-голун киргизүүнү каалап жатканын айтты.