Алгачкы жардам көрсөтүү: ИИМде практикалык сабактар өткөрүлдү

Коом 750 09 Апрель 2026 09:54
668404850_1346911890791142_3195660478344863116_n.jpg
668208221_1346911934124471_2702229525518174011_n.jpg
667809031_1346911900791141_7049325716110887069_n.jpg
666509910_1346911870791144_4331740626187711139_n.jpg
666980433_1346911924124472_6345368941815210450_n.jpg
667389850_1346911857457812_8837459067889330256_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. ИИМдин Медициналык башкармалыгында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында санитардык нускоочуларды даярдоо боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, сабактарда медициналык башкармалыктын кызматкерлери жаракат алгандарга алгачкы жардам көрсөтүү, кан кетүүнү токтотуу жана таңуу ыкмалары, жүрөк жана дем алуу токтогондо жасалма дем алдыруу, электр тогу урганда, ууланууда жана тоңуп калууда көрсөтүлүүчү алгачкы жардам боюнча кеңири маалымат беришти.

Министрлик мындай иш-чаралар бардык түзүмдөрдө улантыларын белгилейт.