О!Банк карталарынын ээлери үчүн Apple Pay жеткиликтүү болду

Бизнес Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 15:20
smi_600x340_kg.png

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Бүгүндөн тарта Visa O!Bank карталарынын кармоочулары Apple Pay’ди колдонуу мүмкүндүгүнө ээ болушту. Бул — жөнөкөй жана коопсуз төлөө аспабы. Ал ылдамдыкты жана ыңгайлуулукту сунуштоо менен, мобилдик төлөмдөр тармагын толугу менен өзгөртөт.

Контактсыз төлөм жүргүзүү үчүн, кардарлар iPhone’ду же Apple Watch’ту төлөм терминалына келтирүүсү жетиштүү. Apple Pay менен жасалган ар бир сатып алуу корголгон, анткени Face ID, Touch ID же түзмөктүн сыр сөзү менен ырасталат. Apple Pay азык-түлүк дүкөндөрүндө, дарыканаларда, таксиде, ресторандарда, кофеканаларда, чекене дүкөндөрдө жана көптөгөн башка жерлерде кабыл алынат.

Ошондой эле, тиркемелерден же интернеттен тез жана ыңгайлуу сатып алуу үчүн, кардарлар Apple Pay’ди iPhone’до, iPad’да жана Mac’та колдоно алышат. Каттоо жазуусун түзүүнүн же төлөм маалыматтарын көп жолу терүүнүн зарылдыгы жок.

Apple Pay’ди жөндөө оңой. "Мой О!" тиркемесинен же iPhone’дон — Wallet’ти ачып, + баскычын басып, нускаманы колдонуу жетиштүү.

Карта кошулгандан кийин Apple Pay’ди дароо колдонуп баштаса болот. Ушуну менен бирге, O!Bank картасынын бардык бонустары жана артыкчылыктары, анын ичинде 2%га чейинки кешбэк, сакталат.

Кененирек: https://obank.kg/ru/apple-pay

Apple Pay жөнүндө кененирээк: http://www.apple.com/apple-pay/

"О!Банк" ААК. КР УБ 17.09.2024-жылдагы №044 лицензиясы.