Алдыдагы күндөрү бишкектиктерди кандай аба ырайы күтөт?

Коом 27 август 2026 16:20
Алдыдагы күндөрү бишкектиктерди кандай аба ырайы күтөт?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарындагы 28-августтан 3-сентярбрга чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.

Ага ылайык, 28-30-августта жана 31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 1-3-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Аба ырайынын божомолу төмөндөгүдөй:

  • 28-август: түнкүсүн +18…+20 күндүз +33…+35
  • 29-август: түнкүсүн +18…+20 күндүз +33…+35
  • 30-август: түнкүсүн +18…+20 күндүз +32…+34
  • 31-август: түнкүсүн +18…+20 күндүз +30…+32
  • 1-сентябрь: түнкүсүн +13…+15 күндүз +27…+29
  • 2-сентябрь: түнкүсүн +13…+15 күндүз +27…+29
  • 3-сентябрь: түнкүсүн +13…+15 күндүз +27…+29.