Чүйдүн Мрамор айылындагы мектепке 10 компьютер тапшырылды

Билим 15 сентябрь 2026 10:20
800862881_1396808325965719_6754850547978684321_n.jpg
800260210_1396808385965713_328515638401593551_n.jpg
Алдыга
Артка
800862881_1396808325965719_6754850547978684321_n.jpg
800260210_1396808385965713_328515638401593551_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Аламүдүн районуна караштуу Мрамор айылындагы жаңы ачылган мектепке 10 даана компьютер белек кылынды.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, компьютерлерди депутат Токтобүбү Ашымбаева берди.

Эл өкүлү ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жамааты, ата-энелер жана айыл тургундары менен жолугушуп, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуучулар үчүн заманбап билим алуу шарттарын түзүү жана билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүү тууралуу пикир алышты.

Депутат аталган багыттагы иштерди колдоого алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы компьютерлер окуучулардын билим алуусуна жана заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирди.