"Ала-Тоо Резортто" 1,7 чакырым электр кабелдери тартылды

Аймак 13 октябрь 2026 09:35
840621734_2606244956476402_4957298227257812264_n.jpg
840034411_1112124261310994_8689801993794772228_n.jpg
837497775_2158487235063194_4113248996104565074_n.jpg
837839218_1610887080580935_1568119865805524973_n.jpg
840621569_2618350741972185_3887015611168347758_n.jpg
842611590_1076487152041758_2453323809368550278_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексинин асма жолдорун электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 10 кВ чыңалуудагы кабелдин 1,7 чакырымы тартылды. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 2 чакырымга жакын траншея казылып, үч трансформатордук көмөк чордон орнотуу иштери даярдалууда. Объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо боюнча негизги иштерди 15-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

Ишкананын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев иштин жүрүшү менен жеринен таанышып, жумуштарды тездетүү, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо Резорт" комплексиндеги асма жолдорду 2026-жылдын 1-декабрында ачуу пландалууда.