“Ала-Тоо Резортко” Doppelmayr компаниясы 4 чакырымдык асма аркан жол курат

Туризм Загрузка... 23 Июнь 2025 15:18
WhatsApp Image 2025-06-23 at 15.11.28.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Doppelmayr компаниясы менен асма аркан жол куруу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик мекемесинин директору Жаркынбек Максүтов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган компания келишимге ылайык, 2026-жылдын июнь-июль айларында 4 чакырымга созулган эки асма аркан жолун куруп, өткөрүп берет.

“Ала-Тоо Резорт” туристтик борборун куруунун биринчи этабын келерки жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Doppelmayr компаниясы дүйнө жүзүндө асма аркан жолдорду куруу боюнча алдынкы орунда турат.

Компания асма аркан жолдордон тышкары, шаар транспорту, ташуу системалары жана аттракциондор үчүн кыймылдаткычтарды чыгарат.

Doppelmayr ишканасынын ар түрдүү жабдуулары дүйнөнүн 89 өлкөсүндө орнотулган.