"Ала-Тоо Резорт": Кытай инвесторлору Жыргалаң шаарчасын курууга кызыгууда

Экономика 743 08 Декабрь 2025 11:40
597262664_122156920532633318_1263939842835540874_n.jpg
596479789_122156920556633318_7576860399652442472_n.jpg
595410442_122156920526633318_9220641844708483423_n.jpg
596569213_122156920544633318_1082810256748829656_n.jpg
Алдыга
Артка
597262664_122156920532633318_1263939842835540874_n.jpg
596479789_122156920556633318_7576860399652442472_n.jpg
595410442_122156920526633318_9220641844708483423_n.jpg
596569213_122156920544633318_1082810256748829656_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Кытайда ири мейманканаларды курган инвесторлор "Ала-Тоо Резорт" курортуна кызыгууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттен келген курулуш компаниялардын өкүлдөрү министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов менен биргеликте курорт курула турган аймакты жеринен көрүштү.

Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун демилгеси, мамлекеттин колдоосу менен курулушу башталган Борбор Азияда ири курортко барчу жолдор салынып, ошондой эле асма аркан жолдун, таза суу объектилеринин курулушу да кызуу жүрүп жатат. Инвесторлор алдыда боло турган Жыргалаң шаарчасы курулуп жаткан жер тилкелерин алуу үчүн аукциондун экинчи этабына катышуу ниетин билдиргени маалым болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонанын алгачкы этабы июль айында өткөн. Анда курула турган обьектилердин жер тилкелерин 14 лот менен жергиликтүү инвесторлор уткан.

Эми аукциондун экинчи этабы жакынкы күндөрү жарыяланып, дагы 35 лот аукционго коюлат.

"3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, аппартаменттер жана VIP-коттедждер, этно шаарча, ресторан, кафелер жана башка коммерциялык обьекттер курула турган жер тилкелерин аукциондон чет элдик жаран ута турган болсо, анда 49 жылга ижарага берилет.
Ал эми жергиликтүү инвесторлор утса, жеке менчикке өтөт. Аукцион ачык жана онлайн режимде болот. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор, курулуш компаниянын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана тармагынын ишкерлери, мамлекеттик сатып алууларга катышууну каалаган тараптар, юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат",-деп айтылат маалыматта.