Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" курортунун аймагында инфраструктура, унаа жана технологиялык жолдорду, ошондой эле инженердик тармактарды куруу иштерин тездетүү боюнча көчмө кеңешме өттү.
Ишканадан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш аянттарындагы иштердин көлөмү бааланып, кийинки этаптагы милдеттер аныкталды. Өзгөчө "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы куруп жаткан жети инфраструктуралык объектке жана лыжа жабдууларын ижарага берүү борборунун имаратына көңүл бурулду.
"Подряддык уюмдарга курулуш иштеринин темпин жогорулатуу, кошумча жумушчу күч жана техника тартуу, зарыл болгон учурда коопсуздук талаптарын сактоо менен эки сменада иштөөнү уюштуруу тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жолдорду куруу, метеорологиялык станцияларды орнотуу жана энергетикалык инфраструктураны, анын ичинде 35 кВ кабелдик линияларды куруу маселелери талкууланды.
Ар бир багыт боюнча жооптуу уюмдар жана аткаруу мөөнөттөрү белгиленип, курортту өз убагында пайдаланууга берүүгө даярдык иштерин тездетүү чечими кабыл алынды.