Ала-Тоо аянтында оркестрдин коштоосунда музыкалык кече өттү

Спорт 168 17 Август 2026 10:40
1786938281.jpeg
1786938266.jpeg
1786938262.jpeg
1786938259.jpeg
1786938255.jpeg
1786938310_large.jpeg
Алдыга
Артка
1786938281.jpeg
1786938266.jpeg
1786938262.jpeg
1786938259.jpeg
1786938255.jpeg
1786938310_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу үйлөмө аспаптар оркестринин катышуусунда ачык асман алдында музыкалык кече  өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, музыканттар белгилүү музыкалык чыгармаларды аткарып, шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна шаардын так борборунда жандуу музыканын кереметинен ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзүштү.

Үйлөмө аспаптардын жагымдуу күүсү өзгөчө маанай жаратып, көрүүчүлөргө жагымдуу эмоция тартуулады. Бишкектин тургундары жана меймандары музыкалык чыгармаларды кызыгуу менен угуп, кечти жылуу жана жагымдуу маанайда өткөрүштү.

Мындай музыкалык кечелерди өткөрүү борбор калаанын маданий чөйрөсүн өнүктүрүүгө салым кошуп, шаар тургундары менен конокторунун бош убактысын кызыктуу жана мазмундуу өткөрүүсүнө шарт түзөт.