Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Ала-Букада 35 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ала-Букада жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарындагы коррупциялык фактылар аныкталды.
Маалыматтар боюнча, 2004-2022-жылдар аралыгында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана Ала-Бука районунун жер ресурстары кызматынын филиалынын (мурда Кадастр) жооптуу кызматкерлери жалпы пайдалануудагы жерлерге (автобекеттин аймагы жана башкалар) жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды, башкача айтканда социалдык объекттерди беришкен. Бул КР мыйзамдарына каршы келет. Аталган жерлердин жалпы аянты 1,20 гектарга барабар.
Мындан тышкары, "Кыргызтелеком" ААКтын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн ички буйругу менен жеке жактарга жер тилкелерин берип жатканы аныкталган. Ошондой эде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан трансформацияланбаган жерлерден жер тилкелерин бөлүп берүү чечими кабыл алынган.
Кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке олуттуу зыян келтирилген.
Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жана "Кыргызтелеком", Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ала-Бука филиалынын, жалпы мурдагы жана азыркы болуп 9 кызматкер кармалды.
Алардын бардыгына айыбы угузулуп, соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынган.
Натыйжада жалпы баасы 35 млн сомдон ашкан бир нече жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды, анын ичинде автобекеттин жана почтанын имараты жайгашкан жер тилкелери да бар.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча дагы башка аныкталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.