Мамлекет тарабынан коргоого алынган “Ала-Aрча” мамлекттик жаратылыш паркы борбордон 30 чакырымдай алыстыкта, деңиз деңгээлинен орточо 3 миң 300 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпысынан 19 миңден ашык гектар аянтты ээлейт.
Кыргызстандыктардын жана чет элдик туристтердин эс алуусу үчүн “Ала-Aрча” улуттук паркында капиталдык оңдоодон өткөн “Ак-Бата” жана “Ала-Арча” мейманканасы, A-Frame Glamping коттеджери бар. Бул коттедждердин жанына ресторан курулуп, айланасындагы тоолорду курчаган эң кооз көрүнүш түзүлдү.
Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги, “Ала-Aрча” мамлекттик жаратылыш паркынын жетекчиси Талантбек Жекшенов менен маек куруп, жаратылыш паркынын алдыдагы ишке ашырыла турган долбоорлор, эс алуучулар үчүн түзүлгөн шарттар боюнча бир катар суроолорго жооп алды.
-Саламатсызбы? “Ала- Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы жакынкы убакта ишке ашыруу пландалып жаткан долбоорлорго кененирээк токтолсоңуз.
-Кирип келген 2025-жылга пландарыбыз аябай көп. "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында бир топ өзгөрүүлөр болот. Буюрса, мына Ала-Арча паркынын кире беришине 2 миң унаа батчу бекет курула баштады. Мындан сырткары, парктын кире беришиндеги өткөрмө пункту заманбап талаптарга ылайыкташтырылып курулууда. Болжол менен жылына паркка 100 миңден ашык унаа кирет. Кооз жаратылышыбызды сактап, аны кийинки урпактарга өткөрүп берүү үчүн аракеттерди азыртан көрүшүбүз керек. Эми парктын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет. Эс алуучуларды парктын ичинде 50 электромобиль унаалары ташыйт. Бул электромобилдер үчүн атайын аялдамалар курулат. Аялдамалардын аталыштары кыргыз тилинде болот. Мисалы, “Ак-Бата, “Саз”, “Карагай-Булак”, “Чер-Жаз”, “Ак-Сай” деген сыяктуу аталыштагы аялдамалар болот. Баса белгилей кетүүчү нерсе, бул электромобилдерге акы алынбайт. Өткөрмө пунктка келгенде кирүү үчүн акы алынат да, андан бери электромобилдер жүргүнчүлөрдү акысыз ташышат. Электр унааларын Кытайдан сатып алганы жатабыз. Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта парктын аймагында ушул унаалар менен гана жүрүп калабыз. Элоктромобилдер ар бир жүргүнчүгө жеткиликтүү болот. Ошондой эле өзүңүздөр билгендей, парк ичинде от жагууга тыюу салынганына карабай эрежелерди бузуп келишет. Эми шишкебек жасоо үчүн мангал, казан, самоор сыяктуу каражаттарды өткөрмө пунктан алып кирүү көзөмөлдөнүп, көйгөй чечилет деп турабыз.
-Эс алуучулардын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу көбөйгөнү маалым, аларга кандай шарттар каралып жатат?
-Ала-Арча жаратылыш паркы жылдан-жылга мыкты шарттарды камсыз кылууга аракетин көрүп келет. Акыркы жылдары эс алуучулардын агымы абдан өстү. 2023-жылга салыштырмалуу өткөн жылы эс алуучулардын саны бир кыйла көп болду. Учурда ички туристтер дагы көп, ошондой эле сырттан келген дагы туристтер дагы көп. Мындан бир жыл мурун сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында, Австралия, Бразилия өңдүү өлкөлөрдөн келген туристтердин саны көп экени байкалган. Ал эми, ички туристтерге келе турган болсок, бизге негизинен Бишкек шаарынын тургундары көп келишет. Бирок, борбор калаа менен эле чектелебиз деп айтууга болбойт. Өлкөнүн жети дубанынан тең келген эс алуучуларыбыз бар. Эс алуучулар негизинен дем алыш күндөрү көп келишет. Себеби, күнүмдүк жумуш энергияны алып, адамды чарчатат. Ошол себептүү тоого келип эс алып кетишет.
Эс алуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатат. Бирок, бардыгын эле заматта кылып коюу оңойго турбайт. Акырындык менен четинен жасап жатабыз. Мисалы, кечээ асма жолдун курулушуна старт берилди. Биринчи этабында 1 чакырым жерге курулуп, ал эми экинчи этабында 13 чакырым жерге куруу пландалууда. Буюрса, үстүбүздөгү жылдын күз айларынын башында пайдаланууга берилет.
-Асма жолдун ачылышы менен эмнелер өзгөрөт?
-Тарыхта биринчи жолу өлкөдө жабык асма жол куруулуда. Сөзсүз түрдө жолдун ачылышы менен туристтердин агымы көбөйөт. Туристтердин келиши менен парктын жылдык кирешеси көбөйүп, муну менен катар мамлекеттик бюджетке салым кошулат.
-Жогоруда эс алуучулардын агымы бир кыйла өскөнүн тастыктадыңыз, аны менен катар жылдык киреше дагы өскөндүр.
- “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын командасы өткөн жылды эң сонун көрсөткүчтөр менен аяктады. 2024-жылы “Ала-Арча” жаратылыш паркынын жылдык кирешеси 232 млн сомду түздү. Жылдык киреше 2024-жылга коюлган пландан 32 млн сомго көп болду. Мындай көрсөткүчтөр президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин башкаруусунда жүзөгө ашырылды. Бардык аракеттер парктын инфраструктурасын жакшыртууга, туристтердин тартылуусун арттырууга жана аймактын экономикалык өсүшүн камсыздоого багытталган. Мындан эки жыл мурун жылдык киреше 51 млн сомду түзгөн. Көрүп турганыңыздардай бул жакшы көрсөткүч. Мындан сырткары, эки жыл мурун “Ала-Арча” жаратылыш паркында 72 эле жумуш оруну болгон. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч эки эсеге өсүп, учурда 148 жумуш оруну бар. Жумуш оруну жөн гана түзүлбөстөн, аны менен катар жумушчулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
-Буга чейин парктагы 9 ай бою иштеген лыжа базасы кайрадан жанданары белгилүү болду эле, качан ишке кирет?
-Совет маалынан калган парктын төрүндөгү лыжа базасы урап, жараксыз болуп калган экен. Азырынча качан оңдолору белгисиз. Себеби, биз алгач жогоруда айтылган долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек. Долбоорлордун баары аягына чыккан соң, лыжа базасын дагы ишке киргизгени аракет кылабыз.