Бишкек, 25.01.25. /Акназик Тургунбаева Кабар/. Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жолдун курулушуна мезгил кутусу салынды.
Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси Талантбек Жекшенов жана парктын кызматкерлери катышты.
Саамалыкты оболу Каныбек Туманбаев ачып, бул долбоор экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
“Асма жолдун курулушу — бул биздин мамлекеттин туристтик жактан кызыкчылыгын жакшыртууга багытталган стратегиялык маанилүү кадам. Президенттин тапшырмасы менен биз өлкөбүзгө келген коноктор үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү жана экотуризмдин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз”,— деди ал.
Белгилүү болгондой, асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Долбоордун биринчи этабында 1 чакырым жерге куруу пландалып, 10 млн евро каралган. Курулуш ишин ушул жылдын күз айларында бүтүрүү мерчемделип, австриялык инвесторлор тарабынан ишке ашырылат. Ал эми долбоордун экинчи этабында 23 чакырым жерге куруу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, паркта туристтер үчүн бир нече мейманканалар курулат.
Ошондой эле, жаратылыш паркка унаалардын кирүүсү чектелет. Коноктор үчүн азыркы учурда 2000 орундуу унаа токтотуучу жай курулууда. Парктын аймагында жүрүү үчүн электромобилдер колдонулат, бул табигатка болгон терс көйгөйлөрдү алдын алып, эс алуучулар үчүн экологиялык жактан таза шарттарды түзүүгө жардам берет.
Белгилей кетсек, бул долбоорлор Кыргызстандагы эң кооз жерлерге жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, “Ала-Арча” паркынын уникалдуу табигый ресурстарын сактоого көмөк көрсөтөт.