Будапешттеги рейтингдик мелдешке Акжол Махмудов баштаган 10 балбан катышат

Спорт Загрузка... 13 Июль 2026 11:40
WhatsApp_Image_g6vVmmu.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командалары Венгрияда өтө турган эл аралык рейтингдик мелдешке катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 16-20-июль күндөрү Будапешт шаарында өтөт.

Мелдешке өлкө намысын коргоо үчүн башкы машыктыруучу Улук Карачолоков жана улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги астында 10 балбан аттанды.

Курама команданын курамы:

  • Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
  • Автандил Таалайбек уулу (63 кг);
  • Раззак Бейшекеев (72 кг);
  • Алибек Бердиев (77 кг);
  • Акжол Махмудов (82 кг);
  • Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг);
  • Асан Жанышев (87 кг);
  • Үзүр Жусупбеков (97 кг);
  • Нурболот Токтогонов (130 кг);
  • Эрлан Манатбеков (130 кг).

Турнир балбандар үчүн эл аралык рейтингдеги упайларын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт.